Футбол жылдызы Гүлжигит Алыкулов Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин футбол талаасында ойноду

Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздарды өздүк курам менен жолугушууга чакыруу жакшы салтка айланган.
Маселен, 6-ноябрда ММА жана UFC стили боюнча бир нече жолку чемпион Валентина Шевченко келип кеткен. Ал эми өткөн дем алыш күндөрү аскер кызматкерлеринин ортосунда жолдоштук беттеш болуп, ага спорт чөйрөсүндө абдан таанымал болгон Гүлжигит Алыкулов катышты.
Казакстандын «Кайрат» футбол клубунун жана Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Жаныбекович ДОКтун футбол талаасында беттеш өткөн күнү 22 жашка толду. Бирок жарым коргоочунун жаштыгына карабай, буга чейин да көп ийгиликтерге жетишкен.
Жергиликтүү «Дордой» футбол клубунун тарбиялануучусу Алыкулов Түркия, Белоруссия, Казакстандын ар кайсы командаларында ойноп, бул командалардын жеңишине эбегейсиз салым кошууга жетишкен. Ал Кыргызстандын курамасында дебюттук оюнун 2019-жылдын июнь айында Палестина менен болгон беттеште өткөргөн.
Оюндан кийин департаменттин клубунда Гүлжигит футболдун күйөрмандары, жоокерлер менен жолугуп, алардын бир топ түрдүү суроолоруна жооп берди. Андан соң департаменттин музейинде да болуп, ардактуу коноктордун китебине каалоо тилегин калтырды.
Кызык, жылдыздардын кимисин кийинки жолу департаменттин энтузиасттары чакырат болду экен?







