Коом

«Чөп ташыйлы десек, унаа барбайт». Нарында жааган кардан мал өлүп жатканы маалымдалды

11:24 03.05.2023

Ат-Башыда кар жаап, сууктан жана жуттан мал өлүп жатканы маалым болду.

Жашоочулардын айтымы боюнча «Койлорду кыркып, 1-майга калтырбай, жайлоого жибергенбиз. 2-майдан бери кар жаап жатат. Малчылар менен байланыша албай жатабыз, элдер колдон келишинче чөп жеткирип жатышат. Жайлоого унаа да жетпей жатат. Жайлоого бара албай түндө кайра артка келишти»,— деди тургун.ӨКМ маалымат таратып, 2-майда саат 22:35де Ак-Талаа районунун Байгончок айылынын тургуну менен уюлдук телефон аркылуу байланышканда Орто-Сырт жайлоосуна күндүзү жааган кардын кесепетинен 2000 баш майда жандык, 530 баш ири мүйүздүү мал өз алдынча оттой албай калгандыгы жөнүндө билдиргенин жазышты.«Орто-Сырт жайлоосунда малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, 5 үй-бүлө мал жандыгы менен калып калган. Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок мал-жандыктарынын тоюту жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Мындан улам Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы–акимдин жетекчилиги менен отурум өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу иштери колго алынды. Ал эми Орто-Сырт жайлоосуна барган жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүлөрүн ачуу жана байкоо жүргүзүү үчүн 2-майда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу башчысынын орун басары У.Жылтыров жана №15 жол тейлөө ишканасынын башчысы М.Орозалиев менен бирге барып, калың жааган кардын кесепетинен Чоң-Кыя ашуусуна чыга албай кайра артка кайтышкан. Бүгүн жеринде абалды билүү жана координациялоо иш-чараларын жүргүзүү максатында, КР ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын орун басарынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган. Белгилей кетсек, боло турган кырдаал тууралуу алдын ала мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына шашылыш билдирүү берилип, эскертүүлөр берилген»,- дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button