Коом

ВИДЕО: Чолпон-Атада тартип сакчылары коммуналдык кызматтын кызматкерлерине ысык чай уюштурушту

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү жана балдар иштери боюнча инспекторлору катуу суукка карабай Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн чыгып жаткан коммуналдык кызматтардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирүүнү чечишти.

«Ушундай катуу суукта, чын жүрөктөн сунулган ысык чай менен таттуулар иш процессине өзгөчө күч-кубатты берей. Ошондуктан, коммуналдык кызматтардын кызматкерлерине таттуу кошулган ысык чайды ыраазычылык иретинде таратууну чечтик. Анткени, ушул суук күндөрү сыртта иштөө канчалык кыйын экендигин биз өзүбүз жакшы билебиз», — деп белгилешти милиционерлер.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button