Кабинет чуусуга байланыштуу ЖК иш башкаруучунун орун басарын иштен алууну чечти

ЖК депутаты Өмүрбек Бакировдун кабинетинен чыгарылышы тууралуу түзүлгөн парламенттик комиссия корутунду чыгарды. Мыйзам бузуу болгону аныкталып, алар президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы иштен алууну сунуштады.
Комиссиянын төрайымы Гуля Кожокулова комиссиянын корутундусун парламент жактырганын билдирди. Үсөнованы кызматтан кетирүүнү министрлер кабинетине сунушкан.
«Бул иш боюнча Өмүрбек Бакиров башкы прокуратурага арыз жазды. Иш козголуп иликтенип жатат. Себеби депутат же жардамчылары жокто эшигин бузуп кирип буюмдарын алып чыккан. Анын ичинен кызматтык, купуя документтер болгон», — деди Кожокулова.
Эскерте кетсек, 23-ноябрда Өмүрбек Бакиров аны 18-ноябрда кабинетинен чыгарып салышканын айтып, ошондон бери көчөдө жүргөнүн билдирген. Анын айтымында, жардамчылары түшкү тамактанууга кеткен учурда кабинетине мөөр басып кетишкен.
@user2



