Sanofi эл аралык француз фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келет

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз мырза Sanofi фармацевтикалык компаниясынын Глобалдык ден соолук бөлүмүнүн башчысы Жон Файрест менен жолугушту.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 17-апрелде Парижде өттү.
Анда тараптар фармацевтика тармагында кызматташуунун келечеги, инвестиция тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.
Элчи Ссадыр Шер-Нияз Sanofi компаниясынын өкүлдөрүнө Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен фармацевттердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу багытында окутуу боюнча биргелешкен долбоорду каржылаганы үчүн ыраазычылык билдирген.
Жолугушуунун аягында, Жон Файрест элчинин 2024-жылдын экинчи жарымында Кыргыз Республикасына иш сапары менен келүү чакырыгын кабыл алды.



