Коом
Бишкекти курчаган айланма жол салынып, бир бөлүгүндө акы төлөнөт

Жакынкы үч жылда Бишкекти тегерете айланма жол макамындагы трасса курулат, анын бир бөлүгүндө эл акча төлөп жүрөт. Бул туурасында «Кыргыз жол транс долбоор» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ормонов билдирди.
Трасса төмөнкү үч бөлүктөн турат:
-Түндүк айланма (Канттан Кара-Балтанын жолуна чейин) бөлүгү салынып жатат, бул 2026-жылдын соңунда ишке берилет;
-Чыгыш айланма жол (Канттан Көк-Жарга чейин) — мамлекеттик-жеке өнөштөштүктүн алкагында курулат, аны менен акча төлөп жүрөбүз;
-Түштүк айланма жол (Көк-Жар — Орто-Сай жана Байтик айылдары аркылуу Бишкек — Ош трассасына чейин). Бул долбоорлоо стадиясында турат.
Ормонов түндүк айланма жол 2026-жылдын аягына чейин бүтүп каларын кошумчалады.



