Коом
Жакынкы 3 саат аралыгында Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Анын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
ӨКМ мындай кырдаалда төмөндөгү эрежелерге көңүл бурууну эскертти:
▫️эшикте сейилдөөгө чыкпай туруңуз;
▫️автоунааңызды имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
▫️электр чубалгыларынын жанына турбаңыз;
▫️көчөдөн көз айнек тагыныңыз;
▫️үйдүн эшик-терезелерин жабыңыз.
Кырсык болгон учурда 112 номерине чалыңыз.



