Окуялар

УКМК: Нарында “Йакын Инкар” диний экстремистик агымдын мүчөсү уюмдан баш тартты — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, КР аймагында тыюу салынган “Йакын Инкар” диний экстремистик агымдын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар Нарын облусунун Нарын шаарынын тургуну А.Н.М. кармалды. Ал жогорудагы тыюу салынган агымдын идеяларын активдүү жайылтып жүргөн.

2022-жылдын 5-декабрында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам иш-чаралар көрүлүп, облустук дин кызматкерлери менен биргеликте А.Н.М. карата алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында, ал тандап алган жолунун туура эместигин эл алдында мойнуна алып, мындан ары бул экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө катышуудан баш тартты.

КР УКМК тарабынан экстремисттик көз караштардын алдын алуу жана “Йакын-Инкар” диний экстремистик агымдын мүчөлүгүнөн чыгарууга багытталган иштер улантылат,- деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button