Коом

Азербайжанга 100 баш топоз жөнөтүлдү

КР Айыл чарба министрлиги Азербайжанга 100 баш топоз жөнөттү. 

Маалыматка ылайык, топоздор КР президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата республикадагы топоздордун жалпы саны 53,9 миң башты түзгөн.

2022-жылы 5 топоз чарбасы КР Айыл чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн асыл тукум чарба статусун ыйгаруу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттерди аттестациялоо жана кайра аттестациялоодон өткөн. Бул чарбаларда 1543 баш асыл тукум топоз катталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button