Евробиримдиктин элчиси Санарип Аймак автоматташтырылган тутумун ишке киргизүүнү жогору баалады

Өткөн аптада Европа БиримдигининКыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрүменен бирге «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борборуна барды. Делегаттардынкурамына Евробиримдиктин ӨкүлчүлүгүнүнКызматташтык бөлүмүнүн башчысы ХансФарнхаммер, eGA Эстония эки тараптуукызматташуу долбоорунун туруктуу кеңешчисиТынис Мэе, ошондой эле Мамлекеттик кызматжана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерибоюнча агенттиктин кызматкерлери кирди.

Иш сапар Евробиримдик менен өлкөнүн башкысанарип агенттигинин «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасынишке киргизүү боюнча биргелешкен иш-чараларынын алкагында болду. «Биз бардыгыбызөлкөдө электрондук башкаруунун олуттуужакшыргандыгын көрүп жатабыз. 2022-жылдагы Глобалдык электрондук өкмөт изилдөөсүнөылайык, Кыргызстан 2020-жылы 83-орундан, 2018-жылы 91-орунга көтөрүлүп, 81-орунду ээлеген. Биз Кыргызстан өзүнүн эл аралык рейтингин көтөрүүаракетин көрүп жатканын жогору баалайбыз”, -деди Мэрилин Йосефсон.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынынсанариптик өнүктүрүү министринин орун басарыИндира Шаршенова, республика үчүнсанариптештирүү документ жүгүртүүнүэлектрондук форматка өткөрүүнүн гана натыйжасыэмес, мамлекеттик башкаруунун моделинтрансформациялоонун терең процесси, мамлекеттин жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүсү, санариптик технологиялардыкиргизүү аркылуу коомдун иштеши. «Европа Биримдиги маанилүү өнөктөш экенин белгилепкетким келет жана биз европалык тарапсанариптештирүү чөйрөсүн өз ара пайдалуукызматташуунун артыкчылыктуу багыты катары аныктаганын жогору баалайбыз», — депкошумчалады министрдин орун басары.

Эске салсак, Евробиримдик Кыргызстандагысанариптик трансформацияны мамлекеттиккызматтарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсызкылуу жана санариптик ажырымдынтобокелдиктерин азайтуу үчүн 2020-жылдан бери колдоп келет.
Жыйындын соңунда «Тундук» мамлекеттикмекемесинин директору Чыңгыз Аманатов конокторго «Тундук» порталы аркылууэлектрондук кызматтарды көрсөтүү тутумунуништөө принцибин көрсөтүп берди.
Белгилей кетсек, «Санарип аймак» бирдиктүүтутумунун жардамы менен мамлекеттикоргандардын тутумдун ичинде бири-бири менен өзара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындан тышкары, өлкөнүн бардык аймактарынынтургундары да мамлекеттик өкүлдөр мененбаарлашып, электрондук форматта муниципалдыккызматтарды ала алышат. Бул калкты тейлөөнүнсапатын бир топ жакшыртат.



