Коом

Кореялык кайрымдуулук уюму Ысык-Көлдө муктаждарга 20 тонна кийим-кече таратат

Кореянын WECA кайрымдуулук уюму Ысык-Көлдө муктаждарга 20 тонна кийим-кече (жаңы) таратууну пландоодо. Бул тууралуу уюмдун өкүлү Сонг Ёнг Сон президенттин аймактагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева менен жолугушууда айтты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда кайрымдуулук уюмунун өкүлү учурда Ысык-Көл облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө май айынын аягына чейин гуманитардык жардам иретинде 20 тонна жаңы (кийилбеген) кийим-кече жеткирүүнү уюштуруу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, үч жыл мурун бул уюм Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорундагы жалпы дарыгерлик практика борборлоруна 2 тез жардам унаасын берген.

Айнура Султанбаева WECA`га көрсөткөн колдоосу жана облустун социалдык маселелерин чечүүгө салым кошуп жаткандыгына ыраазычылык билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button