Коом

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн рейтингдик система киргизилет

Кыргызстанда келечектеги мамлекеттик кызматкерлер үчүн рейтингдик система киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин адиси Жыргал Маратбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, кенже кызмат орундарына бирдиктүү кадрлар резерви түзүлүп жатат. Бул кызматтарга иш тажрыйбасы жок талапкерлер да катыша алат, резервге биринчи кезекте жогорку окуу жайларын жаңы бүтүргөндөр киргизилет. Талапкерлерди тестирлөө этабы аяктады, учурда алар маектешүүдөн өтүп жатышат. Андан кийин кадрлар резерви түзүлөт.

«Талапкерлер үчүн рейтингдик система болот. Мамлекеттик орган адистерди сураганда биз эң жогорку балл алган үч талапкерди жөнөтөбүз. Мамлекеттик орган бирин тандайт», — деп түшүндүрдү Маратбекова.

Талапкерлер ээ болгон адистигине жараша жөнөтүлөт.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button