Окуялар

Адвокатты өлтүргөн шектүү киши кармалып, кылмышты моюнуна алды

Ош шаарында 42 жаштагы жактоочунун өлүмүнө шектүү делген киши кармалып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир билдирди.

Анын айтымында, калаа тургуну, 42 жаштагы жактоочу 12-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Ал эми 17-июнда саат 11:20 чамасында калаанын Курманжан датка кичи районундагы Увам каналынан жактоочунун сөөгү табылган.

Окуя болгон жерге барган милициянын ыкчам иликтөө тобу сөөктү кароо учурунда денесинде жарааттар бар экендигин аныктаган.

Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«Жактоочунун денесиндеги тактар жана анын сөөгү сууда кийимчен табылгандыгы ыкчам-иликтөө тобуна шек туудуруп, иликтөө иштерин башташты», — деди Сыдыков.

Издөө иштеринин натыйжасында ыкчам кызматкерлер тарабынан 17-июнь күнү анын өлүмүнө шектүү катары Ош шаарынын 42 жаштагы О.Р. аттуу тургуну кармалды.

Ал өз көрсөтмөсүндө 12-июнь күнү калаанын Курманжан датка кичи шаарчасындагы 102-маршруттук каттамдын акыркы аялдамасында адвокат экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралганын айткан. Чырдашуудан улам мушташ чыгып, кесепетинен жактоочу каза тапкан.

Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралып, эки айга абакта кармоо боюнча чечими чыкты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button