Коом

Чек арага чектеш айылдарда курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү Жаңы жылга чейин пайдаланууга берилет

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Аксай айыл аймагына барды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Иш сапардын алкагында облус башчысы аталган айыл аймактагы калыбына келтирүү ишинин жүрүшүнөн кабар алды. Тагыраагы курулушу жүрүп жаткан үйлөрдү көрүп чыкты. Учурда жеринде калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Көпчүлүк үйлөрдүн дубалдары тургузулуп, чатырлары жабылса, айрымдарынын ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Жаңы жылга чейин үйлөрдүн бир бөлүгү колдонууга берилип баштайт

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button