Спорт

Жоламан Шаршенбеков «Жылдын мыкты балбаны» наамына көрсөтүлдү

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен «Жылдын мыкты балбаны» наамына көрсөтүлдү.

Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы 6 медаль жеңген. Дүйнө чемпионатында, Азия чемпионатында жана Ислам оюндарында алтын медаль, эл аралык Wladyslaw Pytlasinski Cup турниринде күмүш медаль жана рейтингддик Turlykhanov Cup, эл аралык “Dan Kolov — Nikola Petrov Tournament” мелдешинде коло байгеге ээ болгон. Жыйынтыгында жалпы 55000 упай менен Бүткүл Дүйнөлүк күрөш уюмунун тизмесинде 60 килограмм салмак категориядагылар арасында 1-орунга чыкты.

Мындан сырткары грек-рим күрөшү боюнча «Жылдын мыкты балбаны» наамына азербайжандык Элданиз Азизли, түркиялык балбандар Бурхан Акбудак жана Риза Каялп, сербиялык Зураби Датунашвили талапкер болушту.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button