Кош бол, полковник… Илимбек Самсалиев көз жумду

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы өзүнүн мыкты кызматкерлерин жоготкондугун терең кайгыруу менен билдирет.
1968-жылы туулган ички кызматтын полковниги Самсалиев Илимбек Бакенович катуу оорудан кийин каза болду.
Советтик армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин 1993-жылы Ички иштер министрлигинин жана Жаза аткаруу тутумунун органдарында иштеп, №34 — жатак абагынын нөөмөтчүсүнөн №47 — мекеменин башчысынын режим жана көзөмөл боюнча орун басарына чейин жеткен.
Жогорку билимдүү, 2007-жылы Бишкек шаарындагы КМТУну аяктаган.
Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн офицер бир нече жолу ведомстволук сыйлыктар, Ардак грамоталар жана медалдар менен сыйланган.
Полковник И.Самсалиев коллективде татыктуу кадыр-баркка ээ болуп, өз ишинин мыкты адиси болгон.
Кесиптешибиздин элеси аны билгендердин баарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Оор жоготууга байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Арты кайруу болсун! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! — деп билдирди ЖАКтын Басма сөз кызматынан.



