Төрт облустун ички иштер башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалды. ТИЗМЕ
Бүгүн, 28-декабрда, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын Ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, жаңы дайындалган жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды.
«Өзүңүздөр күбө болгондой, Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жагымсыз окуялардан улам, айрым облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ротациялык түрдөгү дайындоолорду ишке ашырдык. Мекенибиз үчүн, коомчулугубуз үчүн талыкпай күн-түнү кызмат кылуу керектигин белгилейм», — деген Ниязбеков.
Ротацияланган жетекчилердин тизмеси:
Нарын облустук ИИБ жетекчиси болуп милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБди башкарып турган;
Жалал-Абад ОИИБ башчылыгына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин жетекчиси болчу;
Ош ОИИБди милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков башкармакчы. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иш алып баруу боюнча кызматынын башчысы болчу;
Ысык-Көл ОИИБди милициянын полковниги Орунбай Кочкоров жетектемекчи. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары эле.



