Эсептөө палатасы “Кыргызнефтегаз” ААКнын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарын карады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги ишмердүүлүгүнө шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин жыйынтыгында, Эсептөө палатасынын мурунку аудитинин негизинде “Кыргызнефтегаз” ААКсына берилген сунуштар толук көлөмдө аткарылгандыгы белгиленди.
Өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөргө кайрыла кетсек, 2024-жылга 180 миң тонна мунай өндүрүү пландалган болсо, иш жүзүндө 177 миң тонна өндүрүлүп, план 98,3% аткарылган. 2023-жылга салыштырмалуу өндүрүш көлөмү 6,9 миң тоннага же 3,8% кыскарган. Ошол эле учурда жаратылыш газын өндүрүү боюнча план ашыгы менен аткарылып, 25 млн куб метрдин ордуна 28,2 млн куб метр өндүрүлгөн (112,9%), бул 2023-жылга салыштырмалуу 3,1% өсүүнү көрсөтөт.


Ишкананын 2024-жылдагы кирешелери 6,2 млрд сомду түзүп, план 98% деңгээлинде аткарылган. Ал эми чыгымдар 4,1 млрд сомдун ордуна 3,5 млрд сом болуп, экономия 0,6 млрд сомду түзгөн.
Жыйынтыгында, “Кыргызнефтегаз” ААК 2024-жылы 2,6 млрд сом таза пайда алып, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 31% өсүшкө жетишкен.
Аудит аныктаган негизги бузуулар жана резервдер:
— Эсеп боюнча жалпы 18,1 млн сомго бузуулар аныкталды. Алардын ичинде дебитордук карыздарды жана амортизациялык чегерүүлөрдү толук эмес чагылдыруу, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрүнө эсеп-фактуралары толук берилбей калган учурлары бар.
— Ишкананын ички резервдери жана кошумча түшүүчү каражаттар 436,8 миң сомду түздү.

Эсептөө палатасы белгилегендей, аудит “Кыргызнефтегаз” ААКсынын жалпы ишмердүүлүгү мыйзамдын талаптарына шайкеш экенин, бирок айрым эсеп жана башкаруу тармактарында тактыкты жогорулатуу жана финансылык тартипти бекемдөө зарыл экенин көрсөттү.
Эсептөө палатасы өзүнүн ишин мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын каржылык ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоого багытталган системалуу аудиттерди жүргүзүү аркылуу улантууда.



