Дүйнө
Илон Маск Tesla Tiny House’ту болгону 7789 долларга сунуштады

Ишкердин айтымында, бул долбоор дүйнөлүк турак жайдын жеткиликтүүлүгү кризисине жооп болот.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, ишкер Илон Маск Tesla Tiny House’ту болгону 7789 долларга сунуштады.
Масктын компаниясы 76 чарчы метрлик үйдүн концепциясын болгону 7789 долларга сунуштап, толук автономияны, салыктарды жана жер сатып алууну талап кылбоону убада кылды.
Маск бул долбоор дүйнөлүк турак жайдын жеткиликтүүлүгү кризисине жооп болорун жана туруктуу технологияларды, энергияны үнөмдөөнү жана ыңгайлуулукту кантип айкалыштырууга болорун көрсөтөрүн билдирди.



