ВИДЕО: Милициянын көчмө кабылдамасы Ак-Суу районунун алыскы айылдарында жарандарды кабыл алышууда

13-январда, Ак-Суу районунун алыскы калктуу конуштарына кар жааган жолдор ачылгандан кийин милициянын көчмө кабылдамасынын чыгуусу уюштурулду.
Эске салсак, 11-январдан 12-январга чейинки мезгилде катуу шамалдан жана кар жаагандан улам Каракол-Раздольный, Боз-Учук — Жыргалаң, Ак-Булуӊ-Токтогул, Каракол-Эңилчек жолдору убактылуу жабылган болчу.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишев баштаган милиция кызматкерлери эки күндүн ичинде кар блокадасына кабылган калктуу конуштардын калкы менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү бардык маселелер боюнча жергиликтүү тургундарды кабыл алышты жана табигый кесепеттеринен улам орун алган көйгөйлөрдү чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мындан тышкары, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишев жолдорду тазалоого тартылган жолчулардын иши менен дагы таанышып чыкты. Ошондой эле, кыштын ызгардуу суугунда жолдорду тазалап жаткан жолчуларга ысык чай уюштурулду.



