Коом

Мамлекеттик ипотекалык компания үй курууга тендер жарыялады. Талаптар

Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясы (МИК) Бишкек шаарынын 11-кичирайонунда көп функционалдуу турак жайды долбоорлоого жана курууга инвестициялык сынак жарыялады. Анын шарттары жана долбоордун болжолдуу сүрөттөрү мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда көрсөтүлгөндөй, МИК аталган райондо дээрлик 9,64 гектар жерге ээлик кылары, ага көп кабаттуу турак жайларды курулары белгиленген. Каалоочу курулуш компаниялары сынакка катышып, өзү долбоорлоп жана өзү инвестиция салууга даяр болушу керек. Инвесторлор курулуштун пайдубалынан баштап, батирлердин ачкычына чейин жасайт.

Объектилер эксплуатацияга берилгенден кийин инвестор 40 миң метр квадраттан аз эмес батирлерди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын менчигине өткөрүп бериши шарт. Андан ашкан батирлерди жана коммерциялык объектилерди өзүнө алып кала алат.

Сынактын биринчи этабы үчүн документтердин пакети 30 календардык күндүн ичинде каралат. Андан соң комиссия жеңүүчүнү аныктайт. Тендердик комиссиянын курамына Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Бишкек мэриясынын жана “Бишкекбашкыархитектуранын”, Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрү жана МИКтин кызматкерлери кирет.

Мурдараак Мамлекеттик ипотекалык компания жетекчилиги ишкана өз алдынча турак үйлөрдү курууну пландап жатканын кабарлашкан. Алар компанияга 300 гектардай жер бөлүнүп берилиши ыктымал экенин такташкан.

Расмий маалыматка ылайык, ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2015-жылдан бери 8 миңдей киши турак жай үчүн ипотекалык насыя алган. 2022-жылдын эсебинде үй алууну каалаган дагы 15 миңдей адам арыз тапшырган. Алардын теңинин арызы банктардын кароосунда кезекте турганы маалымдалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button