Коом

28-ноябрга карата аба ырайы, күн ачык болот

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 28-ноябрда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Аба ырайы негизинен күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

— Чүй облусу: түнкүсүн 0…-5°, күндүз +13…+18°

— Талас облусу: түнкүсүн 0…-2°, күндүз +15…+17°

— Баткен, Ош, Жалал-Абад: түнкүсүн +3…+5°, күндүз +16…+18°

— Ысык-Көл облусу: түнкүсүн -1…-3°, күндүз +6…+8°

— Нарын облусу: түнкүсүн -11…-13°, күндүз +5…+7°

Бишкек шаарында: түнкүсүн +0…-2°, күндүз +14…+16°

Аба ырайы жылуу жана туруктуу болору күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button