
Интернет колдонуучулар арасында казак ырчысы Ерке Эсмахан менен андан 12 жаш кичүү рэпердин кыз-жигит экени тууралуу кептер тараган. Көп өтпөй Ерке Есмахан менен RaiM сүрөт жарыялап, кыз-жигит экенин тастыкташкан.
Ал эми 20-январда атактуулар мечитте нике кыйдыруу учурунан тартылган сүрөттөрүн жарыялоо менен баш кошушканын билдиришкен. Айрым соцтармак колдонуучулары сүйүү жашка карабайт дешсе, айрымдары экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылык боюнча ар кандай пикирлерин жазып, тамашалагандар да болду. Экөө тең буга чейин үн катпай келген. Кечээ, 22-январда соцтармактагы баракчасына RaiM билдирүү калтырды.
«Казак эли! Ар бир адамдын өзүнүн мурдагы жашоосу бар. Өзүңөр идеалдуу болгонсуп, эмне үчүн экөөбүздүн артыбыздан түштүңөр? Эгер издесе, ар бир адамдын кемчилиги бар. Алсыздыкка алдырбагыла. Адам эмес, Кудай каалагандай болот»,- деп жазды ал.
Рэпер текеберликтен, тарбиядан жана акылдан ажырагандар гана жубайлардын ортосундагы ишке кийлигишет деп эсептейт. «Уккуң келсе, айтайын! Чарчадык. Жашообуздан, чыгармачылыгыбыздан ажырасак да, сүйүүбүздөн ажырай албасыбызды түшүндүк. Токтоткула!»,— деп жыйынтыктады ал.



