Коом

УКМК жарандарды телефон аркылуу алдамчылардан сак болууга чакырат

Кыргыз Республикасында телефон аркылуу алдамчылык фактылары көп катталууда. Алдамчылар өздөрүн мамлекеттик кызматкерлер, банк мекемелеринин же укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары көрсөтөрүн билдирип, жарандарды сак болууга жана шектүү чалуулардан улам акча которбоого чакырды.

Маалыматта билдиргендей, алдамчылар ар кандай алдамчылык схемаларды колдонушат: алар банк эсептери боюнча шектүү транзакциялар жөнүндө кабарлашат, “төлөмдү кайтарып берүүнү” убадалашат же “киберчабуулдардан коргоо үчүн” акча талап кылышат. Алдамчылар жарандарга таасир этүү үчүн заманбап технологияларды, сандарды алмаштырууну, психологиялык ыкмаларды колдонушат.

Анын үстүнө акыркы убакта УКМКнын кызматкерлеринин, анын ичинде мамлекеттик комитеттин жогорку жетекчилигинин ысымдарын атаган учурлар көп кездешүүдө. Мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмыш болуп саналат.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандан да, чет өлкөлөрдөн да алдамчылык телефон чалууларды жасаган бир нече топтун ишмердүүлүгүн аныктап, алардын ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга байланыштуу УКМК бардык жарандарды сак болууга жана телефон аркылуу шылуундардын провокациясына алдырбоого чакырат.

Тактап айтканда, УКМК жарандарга эскертет: эгерде аларга шектүү чалуулар түшсө, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, УКМКнын 191 номуруна кайрылыңыз. Кыргыз Республикасынын УКМКнын жетекчилигине тиешелүү делген шектүү электрондук каттарга, билдирүүлөргө, суроо-талаптарга жооп бербеңиз. Жеке маалыматты, PIN коддорду, сыр сөздөрдү же банк картасынын номерлерин ачыкка чыгарбаңыз. Телефондук же онлайн суроо-талаптарга жооп катары, чалган адам өзүн банк же мамлекеттик органдын кызматкеримин деп айтса да, акча которбоңуз.

Тектеш кабарлар

Back to top button