Коом

Лейлекте бир жыл ичинде 24 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан

Лейлек районунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол унаа кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо жана аларды азайтуу максатында Лейлек РИИБи боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Лейлек районунун эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдорунун, Раззаков шаарынын аймагындагы айылдардын ички көчөлөрүнүн четине орнотулган түнкү жарыктандыруу чырактарынын иштеши жана кооптуу болгон аймактарга кошумча түнкү жарыктандырууну орнотуу боюнча иштерди алып барууда.
Лейлек районунун аймагында 2022-жылдын ичинде орун алган жол унаа кырсыгынын 17си түнкү мезгилде катталган, андан 2 жаран каза болуп, 24 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.
Ошол себептүү, түнкү мезгилде катталып жаткан жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, санын кыскарттуу максатында Лейлек РИИБи боюнча ЖККК бөлүмчөсү тарабынан райондун аймагындагы айыл өкмөт башчыларына жана Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципиалдык ишканасынын башчысынын атына түнкү жарыктандырууну жакшыртуу, иштебей калганын оңдоп, калыбына келтирүү, ошондой эле кооптуу болгон, жол унаа кырсыгы көп катталган участкаларга жаңы түнкү чырактарды орнотуу боюнча 2023-жылдын 7-февралы күнү 10 эскертме берилди.
Анын негизинде Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Рахманкуловдун жана Раззаков шаарынын мэри Ч.Рысовдун атына берилген эскертмелерди көзөмөлгө алуусу, аткарылышын көзөмөлдөөсү үчүн билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Баткен ОИИБдин ЖКККБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button