Коом

Автоунаа базарларынан мамлекетке канча акча түшөрү айтылды. Статистика

Улуттук статистика комитети автоунаа жана унаа тетиктери сатылган базарлардан 2022-жылдын IV кварталында мамлекетке канча акча түшөрү туурасында маалымат берди.

Статистикага ылайык, былтыр октябрь-декабрь айларында мамлекетке соода жайларын колдонгону үчүн жыйымдан (салык) 58,1 миллион сом чогултулган.

Жалпысынан өлкөдө машина жана унаа тетиктерин сатуучу тогуз базар иштейт. Анын ичинде 9 845 соода оруну бар, орто эсеп менен ар бири 652 сомдон төлөйт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button