Коом

Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу учуп кетти

Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу учуп кетишти. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, бир чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.

Алардын ичинен кечээ, 12-февралда 80 куткаруучу, үч дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлгөн.

“Бүгүн, 13-фералда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам: үч дарыгер, үч боз үй тигүүчү жана куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары, 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button