Коом
Жалал-Абадда абак кызматкери аралаш мушташ боюнча чемпион болду

Жалал-Абаддагы СИЗОнун кызматкери аралаш мушташ боюнча чемпион болду. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.
Ички кызматтын кенже сержанты, 21 жаштагы Муратбек уулу Тумарбек Жалал-Абад шаарында өткөн ачык чемпионатта Өзбекстандан келген атаандашын жеңип, 1-орунга ээ болду.
Белгилей кетсек, Муратбек уулу Тумарбек атайын орто билимге ээ. Кыргыз Эл аралык колледжин бүтүрүп, юрист кесибине ээ болуп, учурда №53 тергөө изоляторунда эмгектенет.
Ал 2017-жылдан бери ар кайсы федерациялар тарабынан уюштурулган аралаш мушташ боюнча эркектер арасындагы мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп келет.



