Коом

Кыргызстанда арзан электр энергиянын лимитин эки эсе көтөрүү пландалууда

Кыргызстанда арзан электр энергиясынын лимитин 700дөн 1 500 киловатт-саатка көбөйтүү сунушталды. Өкмөттүн тийиштүү токтому коомдук талкууда.

Учурдагы тарифке ылайык, 700 киловатт-саатка чейин колдонулганда жарандар 77 тыйындан, андан ашканда 2,16 сомдон төлөшөт. Жакында эле президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон баа 1 сомго чыга турганын жарыялаган.

Токтомдун негиздемесинде тарифтик саясат инфляцияны эске алып жыл сайын өзгөрүп турушу керектиги, бирок 2022-жылы электр энергиясынын баасы өзгөрбөгөнү белгиленген.

«2023-жылдын 1-июнунда тарифтер тарифтик саясатка дал келтирилмей болгонун белгилей кетели. Бирок Дүйнөлүк банктан грант алуу максатында тарифтерди жогорулатуу мөөнөтүн 1-майга жылдыруу сунушталууда», — деп айтылат маалыматта.

Электр энергиясынын баасын реалдуулукка жеткирүү үчүн, ошондой эле электр тогу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында 1-майдан тарта тарифти 1 сом кылуу (салыктарды эсепке албаганда) сунушталууда. Тарифтин жогорулашына байланыштуу арзан электр энергиясынын лимитин 700дөн 1 500 киловатт-саатка жогорулатуу керек болот. Ал эми мындан ашканда 2,16 сом бойдон калат.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган аз камсыз үй-бүлөлөргө тарифти мурдагыдай эле калтыруу (50 тыйын, лимит 1 500 киловатт-саат) пландалып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button