ИИМдин Ички аскерлери тарабынан ок атуу боюнча көргөзмө сабак уюштурулду

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте практика түрүндө ок атуу боюнча көргөзмө сабагын өткөрүштү. Көргөзмө сабак Ички аскерлердин ок атуу талаасында уюштурулуп, ага ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев жана «Шер» отрядынын өздүк курамы, ошондой эле ИИМдин Борбордук аппаратындагы башкармалыктардын, кызматтардын башчылары, окуу жайларынын жетекчилери катышты.
Ар кандай кырдаалдарда кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын күчөтүү максатында өткөрүлүп жаткан көргөзмө сабагынын башында ок атуучу куралдардын, гранаталардын түрлөрү жана атайын аскердик техникалардын түрлөрүн колдонуу тартиби менен тааныштырышты. Ошондой эле, аскер кызматчыларынын ар кандай шарттарга ылайыкталган формалары менен тааныштыруу иштери уюштурулду. Андан сырткары, башкаруу, маалымат, жылынуу, медициналык жана тамактануу түйүндөрү менен тааныштырышты. Ар бир түйүндүн жооптуу аскер кызматчысы андагы шарттар жана каражаттар тууралуу маалымат беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө инструкторлордун жардамы менен катышуучулар ок атышты. Ал эми аскерлер тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн курал-жарактар аркылуу душманды жок кылуу, командир тараптан ок атууну башкаруу боюнча тактикалык эпизоддорду иш жүзүндө көрсөтүштү.
Иш-чаранын соңунда Октябрь Урмамбетов Ички аскерлердин өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгына баа берип, алардын Мекенге болгон кызматы үчүн ыраазычылыгын билдирди.





