Атамбаев кылмышын өзү моюндаган, Бакиев бир тараптуу айыпталып келатат

Өкүнүчтүү. Мурдагы президент Атамбаев абактан чыккандан соң элди ынтымакка, биримдикке чакыруунун, саясий маданиятты көрсөтүүнүн ордуна кезектеги балп этмелерин, саясий оюндарын баштады, — деп билдирди социалдык тармактын колдоочусу.
«Бакиевди актаганы жатышыптыр, анан мен англисчесинен кетип калдым» деген билдирүүсү «кокуй, Бакиевди актоо аракети болуп жатыптыр» дегендей талкууларга, талашып-тартышууларга «жем» таштады. Бул жагы «Самаркандда саман күйүптүр десе, Самарканды жоо чааптыр» дегендей эле болууда. Чынында аны алып келүү, актоо тууралуу эч кандай деле сөз жок. Президент С. Жапаровдун изги тилегинен, максатынан да саясат жасаганга өттү.
Ушул жерден бир нерсени тактап албайлыбы. «Бакиев келиши керекпи, эл аны кечириши керекпи…» деп эле кырылыша беребиз. Бирок Бакиев «мени актагыла, мени кечиргиле, мен Кыргызстанга барып жашайын» деп кайрылып атабы? Менимче, ал акталган, келүүгө уруксат берилген күндө да Кыргызстанга келбейт. Ага Кыргызстанга келип, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн өмүрүн тобокелдикке салгандын кереги да жок. Акаевдин акталып, мекенине чочулабай, кооптонбой келүүсүнө жол ачылды. Бирок Кыргызстанга көчүп келдиби? Келейин деген ою деле жок. Бакиев боюнча деле ушуну айтууга болот.
Ал эми Атамбаев менен Бакиевге тагылган айыптар боюнча айтсак, Атамбаев Кой-Ташта подполковникти өзү атканын моюндаган. Бакиевдин атууга команда бергени же Ала-Тоо аянтындагыларды ОМОНчулар атканы, соттук баллистикалык трассологиялык экспертиза тарабынан далилденген эмес. Биз апрель окуясына байланыштуу временщиктердин бир тараптуу таңууланган айыптоосу менен жашап келатабыз. Соттор «временщиктердин» кысымы менен эле чечим чыгарышкан. Бакиевге каршы тергөө, сот иштеринин баары сырттан жүргүзүлгөн. Бул айтылгандар бирөөсүн актап, экинчисин айыптоо эмес, тана алгыс тарыхый чындык ушундай. Калганынын баары саясат экендиги көпчүлүккө маалым.



