Милициянын көчмө кабылдамалары эл кызматында

Кыргыз Республикасынын милициясынын көчмө кабылдамалар ассоциациясынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун тургундары менен кезигишип, милициянын көчмө кабылдамалары коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн, бүгүнкү күндө кандай аракеттерди көрүп жаткан боюнча кеӊири түшүндүрүү иштерин өткөрүп келишүүдө.
Алардын айтымында, республиканын аймактарында милициянын көчмө кабылдамалары иштей баштагандан бери 10 жылдан ашык убакыт өттү. Ошол мезгилден тартып, ички иштер органдарынын кызматкерлери башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирдикте мамлекеттик административдик мекемелерден жана уюмдардан алыс орун алган аймактардын тургундарын кабыл алып келүүдө.
Негизинен, милициянын көчмө кабылдамаларынын иши социалдык багытта болуп саналгандыктан, анын курамында милиция кызматкерлеринен сырткары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да кирет. Талдоо көрсөткөндөй, кайрылуулардын дээрлик 90 пайызы социалдык маселелерге байланыштуу.
Кыргыз Республикасынын милициясынын көчмө кабылдамаларын колдоо боюнча коомдук бирикме ассоциациясынын башчысы Шамшыбек Мамыровдун жана Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери Таалай Алижановдун берген маалыматы боюнча мындай уникалдуу доолбор Кыргызстанда гана иштеп жатканын жана элге заманбап үлгүдөгү сервистик тейлөө көрсөтүүдө, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, милициянын коомчулукка ачыктыгын көрсөтүүдө – милициянын көчмө кабылдамаларынын ролу өтө зор.



