Саясат

Кыргызстанга Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри келди

Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кадырлуу меймандарды «Манас» эл аралык аба майданынан кыргызстандык кесиптеши Бообек Ажикеев жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган топ тосуп алышты.

Министр Александр Куренковдун иш сапарынын алкагында бүгүн, 1-мартта Россия Федерациясынан жардам иретинде келген 40 өрт өчүрүүчү  унаа расмий түрдө КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button