Коом
Россия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү унаа берди

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдындагы аянтта атайын техниканы тапшыруу аземи өттү. Ага Акылбек Жапаров менен ӨКМ жетекчилиги катышты.
Ал эми техниканы тапшыруу үчүн келген Россиянын ӨКМ башчысы Александр Куренков атайын техника Кыргызстандын ӨКМи үчүн жасалганын, тактап айтканда, өндүрүүчү кыргызстандык кесиптештердин каалоосун эске алганын билдирди.
«Биздин машиналардын техникалык мүнөздөмөлөрү татаал климаттык шарттарда өрт менен күрөшүүгө мүмкүндүк берет. Алар мегаполистерде, айыл жерлеринде жана тоолуу аймактарда өтө зарыл«, — деди Куренков.



