Коом

Кайрат Иманалиев УТРКдан кетип, ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын ордуна Болотбек Тиллебаев дайындалды. Тийиштүү жарлыктарга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматта Иманалиев башка кызматка өткөнү белгиленип, бирок кайсы тармакка кеткени айтылган эмес.

Эске салсак, Кайрат Иманалиев УТРКга 2022-жылдын июнь айында жетекчи болуп дайындалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button