Коом

Бишкекте балдар ата-энеси менен кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарга катыша алат

Бишкектик балдар 17-марттан тарта прикладдык искусство боюнча мастер-класстарга катыша алат. Бул иш-чараны Свердлов районунун акимчилиги уюштуруп жатканын мэриядан билдирди.

Ар аптанын жума күнү саат 15:00дөн 17:00гө чейин өтө турган ийримдерге балдар ата-энеси менен бирге катышуусу зарыл. Бирок орундар чектелүү болгондуктан алдын ала жазылуу керек.

Ийримдер инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана улуттук каада-салттарды сактоо максатында уюштурулууда.

Мастер-класстардын тизмеси:

17-март – чий токуу;

24-март — кийиз кол өнөрчүлүгү;

31-март – көркөм моделдөө (чопо);

7-апрель — кыргыз оймосу;

14-апрель — комуз жасоонун тарыхы;

21-апрель — улуттук сувенирлерди жасоо.

Жазылууну каалагандар 0500 606509, 0555 696209 номерлерине чалса болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button