УКМК: Ат-Башыда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунан 29 жаштагы жаран баш тартты

КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын алкагында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлүгүнөн баш тарттыруу боюнча иш-чаралар улантылууда.
Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жараны, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын 1994-жылы туулган Ж.С. аттуу тургуну экстремисттик идеологиядан баш тарткан. Бул жаран мурда «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып жүргөн.
Жогорудагы жаран өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдирди.
Азыркы учурда КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле катарына жаңы мүчөлөрдү тартуунун алдын алуу боюнча иш-чаралары улантылууда,- деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.



