Коом

Кант – Ивановка темир жолундагы эскилиги жеткен шпалдар алмаштырылууда

Ысык-Ата районунун Кант-Ивановка темир жолундагы эскилиги жеткен жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиевдин айтымында, аталган тилкеде жалпысынан 4 чакырым жыгач шпалдарды темир бетон шпалдарга алмаштырабыз. Бул аптада 1 чакырым бетон шпал орнотулат. Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 5 инженердик техника тартылган.

Оңдоо иштери «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын 2023-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык аткарылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button