Коом

Чек арада абал тынч, кооптонууга негиз жок

2-январь саат 16:30га карата Кыргызстандын чек арасынын бардык периметри боюнча абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. 

«Чек ара бөлүктөрү мамлекеттик чек араны коргоо боюнча тапшырмаларды күчөтүлгөн режимде аткарышат. Өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу катталган жок»,- деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын чек арасына жакын жерде окоп казып жатканы тууралуу жазып чыгышкан. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button