Окуялар

Интерпол издеп жаткан 18 унаа Бишкектен табылды, бешөө Швециядан уурдалган

Ички иштер министрлигинин Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан эл аралык издөөдөгү 18 автоунааны тапты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкектеги автосалондордун биринен Интерполдун издөөсүндө турган Евробиримдик өлкөлөрүнөн алып келинген бир катар машиналар аныкталган. Анын ичинен премиум-класстагы беш автокөлүк 2020-2021-жылдары Швециядан уурдалганы айтылды. Натыйжада 18 автоунаанын баары айып короого киргизилген.

Азыркы тапта Интерполдун линиясы менен изделип жаткан башка унааларды табуу жана уурдоого катыштыгы бар адамдарды аныктоо максатында кошумча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button