Спорт

Балбан Алмаз Сманбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Сманбеков 57 салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Кыргыз балбаны пакистандык жана казакстандык спортчуларды жеңип, жарым финалга көтөрүлдү. Анда монголиялык Занабазар Занданбудга каршы килемге чыгып, аны 8:6 эсебинде утуп алды.

Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырса, кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбекова (59 кг) коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button