Коом

Камчыбек Ташиев: “Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула”

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  социалдык баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Урматтуу кыргызстандыктар! 

Бизнесмендер, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандар, баарыңарга кайрылабыз. 

Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. 

Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. 

Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла. 

Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. 

Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт,-деп жазылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button