Коом

Өзбекстандын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн экстремисттик топтун башчысы кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө жана техникалык иш-чаранын алкагында, Ош шаарынын аймагында, 2022-жылдын 11-ноябрь күнү  Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн, Фергана өрөөнүндөгү жашыруун экстремисттик топтун башчысы М.М.Х. кармалды. 

Көргөзүлгөн адамдын, жакын кылмыштуу байланыштарын аныктоо учурунда, Кара-Суу шаарынын тургуну 1998 ж.т. И.Б.Б. такталган. Анын алкагында, чогултулган далилдердин негизинде, УКМК тарабынан, КЖКнын 332-бер. 1-бөл. менен кылмыш иши козголуп, тинтүү иш-чарасы өткөрүлгөн. 

Жыйынтыгында, “Хизбут Тахрир” ДЭУга тиешеси бар баракчалар, китептер, телефондор жана планшеттер табылып алынган. 

2025-жылдын 14-февраль күнү Кара-Суу шаардык соту тарабынан И.Б.Б. 4 жылга эркинен ажыратылган. 

Азыркы учурда, И.Б.Б.нын кылмыштуу байланыштарын аныктоо максатында, ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button