Окуялар

УКМК: Ысык-Ата районунда 4 тонна күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатып жаткандар аныкталды — ВИДЕО

КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары тарабынан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

2023-жылдын 16-апрелинде Ысык-Ата районунун Хун-Чи айылында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 4 тонна солярка сатып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын жараны У.И.С кармалып, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн ага 17500 сом айып салынды. Мындан тышкары, ошондой эле КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 316-беренесинин (Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу) алкагында 12 500 сом айып тагылды.

Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын инспекторлору келтирилген материалдык чыгымды иликтеп, аныкталган зыянды мамлекеттин пайдасына толтуруу үчүн чогултулган материалдарды Ысык-Ата районунун сот органдарына өткөрүп берүү маселесин кароодо.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button