Дүйнө

ТИМ: Кувейтте өрттөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кувейтте өрттөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштери министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кувейттин түштүгүндөгү Эль-Ахмади провинциясынын Манкаф шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 43 адам каза болуп, 15 адам жабыркаган.

Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары катталган эмес.

Кыргызстандын элчилиги Кувейт мамлекетинин компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта болууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button