Коом

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна зоо таштары кулап, жол жабылды

Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 82-чакырымына алдын ала маалымат боюнча, 22-апрелде түнкү саат 2:00 чамасында зоо таштары кулап, жолду жаап калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бактыга жараша жабыр тарткан жарандар жок. Кырсыктын кесепетинен чон чыңалуудагы электр чубалгылары үзүлгөн. Учурда №26 жол тейлө ишканасынын 1 жүктөгүчү, 1 бульдозери тартылган.

Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тарабынан унаа жолго чектөөлөр киргизилген. Жолду ачуу иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button