БШК: Шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочу аккредитацияланды

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды:
-Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын
-Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин
-Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын
-Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын
-Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын
-Мальдив Республикасынын Шайлоо комиссиясынын
-Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын
-Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын
-Астана шаарындагы Венесуэла Боливариананын элчилигинин
-Кыргызстандагы Франциянын элчилигинин
-Кыргызстандагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн
-Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын
-Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун
-Парламенттик Ассамблеясынын,
-Орусиянын Коомдук палатасынын.
Акыркы маалыматтар боюнча шайлоого жалпы 127 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.
Эскерте кетсек, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.



