Бишкекте психотроптук заттарды ири өлчөмдө каткан эки жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында психотроптук заттарды сатуу менен алектенген, 20-25 жаштагы азият улутундагы адамдардан турган кылмыштуу топ тууралуу маалыматты аныктап, тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда баңгизаттарды катып жаткан жеринен, башкача айтканды “закладка коюуда” 2006-жылы туулган А. уулу К. жана 1998-жылы туулган Э.Д. кармалган.


Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш болгон жерди кароо учурунда психотроптук заттарды өзгөчө ири өлчөмдө каткандыгы аныкталган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар психотроптук зат (хлорметкатинон, клефедрон) болуп саналат.
Алдын ала маалыматтар боюнча кармалган психотроптук заттардын болжол менен 700 миң сомдон түзмөк.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган А.у.К. жана Э.Д.У. ижарага алынган батирде психотроптук каражаттарды зип-пакеттерге бир жолку “дозага” салып, андан кийин «телеграм» социалдык тиркемеси аркылуу Бишкек шаарынын аймагында сатуу максатында психотроптук заттарды каткан жашыруун жерлерди жасагандыгы аныкталган.

Биринчи май жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматтары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Тергөө учурунда кармалгандар Бишкек шаарынын тергөө абагына киргизилди.



