Коом

Доллар менен евро бир нече сомго арзандап кетти

Бүгүн эртең менен доллардын баасы бир топ төмөндөй баштады.

Шаршемби күнкү ушул сааттарга салыштырмалуу АКШ акчасын сатып алуу 4,07 сомго, сатуу 4,7 сомго арзандады. Учурда Кыргызстандын айрым банктары эң арзан дегенде долларды 90,00 сомдон сатып алууда. Ал эми сатуунун баасы 92,50 сомдон башталып жатат.

Евронун баасы дагы бир топ түштү. Тагыраагы, сатып алуу 4,53 сомго (102,48), сатуу 5,24 (104,77) сомго арзан балууда.

Украинага байланышкан абалдан кийинки Россияга салынган санкциялардан улам экономикалык кырдаал тез өзгөрүп кетти. РФтин өзүнөн сырткары бир катар постсоветтик өлкөлөрдө чет элдик валюталар кескин кымбаттады. Бул 24-февралда башталган. Абалдан улам Улуттук банк бир нече кадам жасап, өлкөдөгү эсептик ченди да жогорулатты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button