Казань шаарында эл аралык инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги талкууланды

Россия Федерациясынын Казань шаарында өтүп жаткан «Россия – Ислам дүйнөсү: KAZANFORUM» XVII Эл аралык экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров форумдун ишкердик программасына катышып, ошондой эле мамлекеттик органдардын, инвестициялык түзүмдөрдүн жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Кыргыз делегациясынын катышуусунун жүрүшүндө Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ишмердүүлүгү, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар, өлкөнүн инвестициялык потенциалы, ошондой эле инвесторлорду мамлекеттик колдоо механизмдери тууралуу маалыматтар сунушталды.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, эркин экономикалык аймактарды, индустриалдык парктарды, транспорттук-логистикалык инфраструктураны, санариптик экономиканы, туризмди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуулардын алкагында тараптар инвестицияларды тартуу, атайын экономикалык режимдерди өнүктүрүү жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү жаатындагы тажрыйба алмашышты. Ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн, биргелешкен инвестициялык демилгелерди ишке ашыруунун жана эл аралык өнөктөштүктү чыңдоонун келечеги талкууланды.

Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында инвестициялык кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери боюнча кызыкдар чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү улантуу тууралуу макулдашууларга жетишилди.



